Кыргызстандык жаран Сингапурда өткөн «The International» турниринде экинчи орунга ээ болду

Dota 2 видео оюнундагы Team Secret командасы, анын ичинде кыргызстандык Бакыт Эмилжанов «The International 11» ири турниринин финалында экинчи орунду ээледи.

Финалда Team Secret биринчи орунду Tundra Esports командасына уттуруп жиберди. Жеңүүчүлөргө 8,4 миллион доллар ыйгарылып, Team Secret 2,4 миллион долларга ээ болду. 30-октябрда Сингапурда The International ири киберспорттук турниринин финалдык оюну өттү. Эмилжанов турнир бою сахнага кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак менен чыгып жатты. Киберспортчу чоң энеси калпак белек кылганын айткан.

Эмилжанов бул сынакка экинчи ирет катышып жатат. Ал биринчи жолу 2019-жылы ойноп, ал турнирдин эң мыкты 8 командасына кирген.

Related posts

Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

admin

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

Ошто жоокер каза болду

admin

Комментарий