Кыргызстандын аймагында жамгыр жаайт 

19-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

Related posts

АКШда чочконун бөйрөгү салынган адам ооруканадан чыгарылды

admin

Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Айдоочу кармалды

admin

Бишкектен Баткенге убактылуу контейнер үйлөр жөнөтүлө баштады

admin

Комментарий