Кыргызстандын башкы аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Related posts

Райымбек Матраимовдун 7 мүлкү мамлекетке өттү. Алар кайсылар?

admin

Ошто 32 жаштагы келин үч эмди жарыкка алып келди

admin

К.Иманалиев: Бирөөнү да Кыргызстанга алып келейин деген оюн окуган жокмун

admin

Комментарий