Кыргызстандын бийлиги баалуу металлдарды тышка ташууга чектөө киргизди

Кыргызстандан баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды тышка ташып чыгарууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Кабыл алынган чечим жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Алты ай аралыгында өлкөдөн 500 килограммдан ашык баалуу металл менен товарды (баалуу металлды камтыган товар) өлкө аймагынан чыгарууга болбойт.

Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Related posts

Президент кол койду. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилет

admin

Чыныгы демократия Европадабы же Кыргызстандабы?

admin

КР УКМК: КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү

admin

Комментарий