Кыргызстандын делегациясы Германияда террорго каршы коопсуздук тажрыйбасын үйрөндү

2025-жылдын 8-июлунан 11-июлуна чейин БУУнун аялуу объекттерди террордук коркунучтардан коргоо боюнча Глобалдык программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясынын Германияга (Берлин жана Бонн шаарлары) жумушчу сапары болуп өттү. Делегациянын курамында КР УКМКнын Терроризмге каршы борборунун, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Берлиндеги КР элчилигинин өкүлдөрү бар.
   Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башкармалыгы уюштурган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын мекемелеринин өкүлдөрү маанилүү инфраструктураны коргоо жаатындагы Германиянын тажрыйбасы, анын ичинде ведомстволор аралык кызматташуу механизмдери, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, тобокелдиктерди тескөө жана алардын террордук коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу менен таанышты.
   Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын делегациясына террордук коркунучтарга каршы туруу боюнча Германиянын коопсуздук тутумунун архитектурасы, анын ичинде мыйзамдык база жана ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик жана жеке сектордун ролу, ошондой эле коркунучтарга мониторинг жүргүзүү үчүн жасалма интеллектти колдонуу сунушталды.
   Германиянын Ички иштер министрлигинин жана Германиянын Маалыматтык коопсуздук боюнча федералдык башкармалыгынын штаб-квартирасында өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле кибер коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
   Улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү атайын органдардын алдында турган учурдагы чакырыктар, анын ичинде террористтик коркунучтардын трансулуттук мүнөзү жана радикалдуу идеологиялардын жайылуусу боюнча кеңири талкуу болду.
   Германиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү террордук чабуулдардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, шектүү адамдарды көзөмөлдөө тутуму жана жарандарды дерадикализациялоо ыкмаларын кеңири талкуулашты.
    Маанилүү инфраструктуралык объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди уюштуруу боюнча практикалык тажрыйбаны үйрөнүү максатында 50Hertz электр тармагынын оператору, Энергетика жана суу чарба федералдык ассоциациясы, ошондой эле Берлин-Бранденбург аэропорту барышты.
    Иш-чара Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен алмашууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын мекемелеринин потенциалын чыңдоого багытталган.

Related posts

Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, кылмыш иши козголду

admin

Милиция: «Бишкекте сойкулук менен алектенген 1,5 миңден ашуун кыз аныкталган»

admin

Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

admin

Комментарий