Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Олимпиадага жолдомо ута алган жок

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө биринчилигине катышты.

Ал жакта 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомо берилди. Жолдомо алуу үчүн олимпиадалык категорияларда жок дегенде 5-орунду ээлеш керек эле. Башкача айтканда эң мыкты 5 спортчунун катарына киргендер Олимпиадага барат.

Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарынын жолдомосуна 5 балбан күч сынашты. Бирок алардын бирөөсү да ийгилик жарата алган жок.

Тактап айтканда 125 кг салмакка чейинки категорияда Айаал Лазарев 9-орунду ээледи.

Алмаз Сманбеков, Икрамжан Хажимуратов жана Арсалан Будажапов да алдыңкы 5-орунга илинген жок.

86 кг салмакка чейинки категорияда күч сынаша турган Нарбек Изабеков жаракат алып калып, килем үстүнө чыккан жок.

Ал эми Тайырбек Жумашбек уулу 3-орунду, Эрназар Акматалиев 5-орунду ээлешти. Бирок алар олимпиадалык эмес категорияларда беттешкен.

Эми эркин күрөш боюнча курама команда 2024-жылы апрелде Бишкек шаарында жана 2024-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган мелдештерде Олимпиадага жолдомо утууга аракет кылат.

Related posts

«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

admin

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

admin

Комментарий