Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө биринчилигине катышты.
Ал жакта 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомо берилди. Жолдомо алуу үчүн олимпиадалык категорияларда жок дегенде 5-орунду ээлеш керек эле. Башкача айтканда эң мыкты 5 спортчунун катарына киргендер Олимпиадага барат.
Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарынын жолдомосуна 5 балбан күч сынашты. Бирок алардын бирөөсү да ийгилик жарата алган жок.
Тактап айтканда 125 кг салмакка чейинки категорияда Айаал Лазарев 9-орунду ээледи.
Алмаз Сманбеков, Икрамжан Хажимуратов жана Арсалан Будажапов да алдыңкы 5-орунга илинген жок.
86 кг салмакка чейинки категорияда күч сынаша турган Нарбек Изабеков жаракат алып калып, килем үстүнө чыккан жок.
Ал эми Тайырбек Жумашбек уулу 3-орунду, Эрназар Акматалиев 5-орунду ээлешти. Бирок алар олимпиадалык эмес категорияларда беттешкен.
Эми эркин күрөш боюнча курама команда 2024-жылы апрелде Бишкек шаарында жана 2024-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган мелдештерде Олимпиадага жолдомо утууга аракет кылат.