Кыргызстандын футболчулары Азия оюндарынын 1/8 финалына чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында плей-оффко чыкты.

Турнирдин тайпалык баскычында Кыргызстандын курамасы Түндүк Корея, Индонезия жана Тайвандын футболчулары менен беттешти. Кыргыз футболчулары индонезиялыктарга 0:1, Түндүк Кореянын футболчуларына 0:2 эсебинде утулуп, бирок акыркы турда Тайванды 4:1 эсебинде утуп алышты.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы тайпада 2-орунду ээлеп, 1/8 финалга чыкты. 27-сентябрда Түштүк Кореянын командасы менен беттешет.

Буга чейин Азия Кубогуна (U-23) тандоо турунда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын командалары беттешкен. Ал беттеште кореялыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Related posts

Бишкекте апасы 20 жаштагы Диана Токтогулованы издеп жатат

admin

Бишкектеги соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

admin

Садыр Жапаров Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолукту. Эмне сөз болду

admin

Комментарий