Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнөлүк чемпиондукта Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алды 

27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинада өтүп жаткан үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы Дүйнө чемпиондугунда хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Сингапур курамасын жеңип алды.

Алгачкы беттеште орусиялык машыктыруучу Михаил Чеканов жетектеген кыргыз курамасы атаандашын 14:2 эсебинде жеңип алды. Белгилей кетсек, В тайпасындагы турнир алты команданын – Босния жана Герцеговина, Гонконг, Иран, Малайзия, Сингапур жана Кыргызстандын катышуусунда өтөт. Алар бири-бири менен ойношот.

Топтун жеңүүчүсү үчүнчү дивизиондун А тайпасына өтүүгө укук алат. 

Related posts

16-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Баары чогуу ыйлап. Ким Чен Ын Энелер конгрессинде көзүнө жаш алды

mediaportalk

Мирбек Атабеков Мээрим Төлөпбергенге үй алып берди

mediaportalk

Комментарий