Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 29-январга карата аба ырайы

Кыргызгидромет 29-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунун өрөөн зонасында. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн минималдуу максималдуу күндүз
Чүй өрөөнүндө 0…-5 -3…+2
Суусамыр өрөөнүндө -14…-19 -2…-7
Талас өрөөнүндө -1…-6 -2…+3
Баткен районунун айыл чарба зонасы 0…+5 +4…+9
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 0…+5 +4…+9
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык зонасы 0…-5 +2…+7
Нарын облусунун дыйканчылык зонасы -8…-13 -2…-7
Бийик тоо зонасы -20…-25 -5…-10
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 0…+2° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…+6° жылуу болот.

Related posts

Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

admin

Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата 4 күн катары менен эс алышат 

admin

Уркуя Парманова: “Майып балдарга мамлекеттин колдоосу бар. Бирок, чечилбеген көйгөйлөр көп”

admin

Комментарий