
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдук толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, баардык эмеректери жаңыланды. Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтына жарыяланды.

Мындан ары жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттар бир канча эсе жогорулады. Эне-бала бөлмөсү дагы жасалды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Туркияга болгон сапарынын алкагында Стамбулга келип, Башкы консулдуктун жүргүзүп жаткан иштерине оң баасын берип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, сунуш-пикирлерин билдирди» — деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, бул имарат акыркы жолу 2014-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, консулдуктун имаратына кеткен баардык чыгымдарды Башкы консул Токтобеков Чыңгыз мамлекеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн каражаты менен бүтүрдү.