Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

 Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 7-декабрдан 8-декабрга чейин тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Related posts

День 22 Января: Депутат придумал новый метод борьбы со смогом

admin

Сборная Кыргызстана завоевала две медали на чемпионате Азии в Иордании

admin

Без осадков — прогноз погоды на 3 ноября

admin

Комментарий