Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт 

11-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк, Чапчыма ашуусу жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү коркунучу болуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Related posts

Камчыбек Ташиев: Жалал-Абад облусунда үч судья кармалды

admin

10 миллион сом кредит алып, төлөбөй койгон. Жасалма документ бергендер камалды

admin

Кара-Кулжада сел жүрүп, 15 үйгө суу кирип, 1 үйдүн чатырын учуруп кетти

admin

Комментарий