Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар 

Бүгүн, 27-мартта абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу 60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусу.

Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Related posts

Кар жаабайт. Кыргызстанда 2-январга карата күтүлгөн аба ырайы 

admin

Мамкызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга милдеттүү

admin

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Комментарий