Кыршызстандагы бир катар мектептер онлайн окууга өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлиги 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдады.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:

• Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
• Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
• Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
• Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
• Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп.

ККара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы – 1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

Related posts

Алагозов: «Дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун «дааватка каршы» деп атоо туура эмес»

admin

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ГКНБ разоблачил схему незаконного зачисления курсантов в автошколы в Баткене

admin

Комментарий