Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстанда 2,5 баллга чейин сезилди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:17де Кытайдын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан түштүк батышты карай 62 чакырым, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 98 чакырым түштүктү карай, Каракол шаарынан түштүк батышты карай 174 чакырымда) 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Жумгалда мал кайтарууга кеткен 45 жаштагы киши менен 9 жаштагы бала дайынсыз болууда

admin

Кыргызстанда эт азыктарынын сапаты  QR-код аркылуу текшерилет

admin

Азиада: Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди

admin

Комментарий