Бүгүн, 1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки унаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.
Кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.