Кызы жана неберелеринен айрылган апа: «Неберем терезеден кулабаганда, балким шектүү эртеси башка жакка көмүп салмак»

Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү кармалган. Киши колдуу болуп өлгөн 51 жаштагы Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дюшебаева бүгүнкү күнү адилеттүүлүк издейт. Бул видеодо 82 жаштагы апа муңун, кайгысын айтып берди.

«15-февралда кечинде жакшы эле сүйлөшкөм. 16-февралда чалдым. Телефонун алган жок. Бир жакка кетсе, айтат эле. Бул жакта сиңдилерим бар, ошолорго чалып, кабар алгылачы дедим. Ошол түнү билишти. Сайкал терезеден ыргып түшүптүр. Аны көтөрүп чыгыптыр. Аны айтышпайт. Кошуналар менен сүйлөшө баштадым», — деди апа.

Ал ошондой эле эгер небереси терезеден кулабаганда, шектүү эртеси келип, башка жакка көмүп салмакпы дейт. «Кудай буйруган да, балким Сайкал терезеден кулабаганда, ал эртеси келип, башка жакка көмүп келмек. Кызым ага керек болсо, бут кийиминен бери алып берчү. «Салимдин атасы ушул» деп тааныштырган. Бирок ал мен барда келчү эмес. Менден качат эле», — деди ал.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды

admin

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү

admin

КР УКМК: Бакай-Ата районунда жеке менчике өтүп кеткен жер тилке мамлекеттин эсебине кайтарылды

admin

Комментарий