Кызыл-Кыяда эки кичинекей бир туугандар батирде бекилип калышкан

Кызыл-Кыя шаарынын 60 жылдык көчөсүндөгү үйдүн батиринин эшиги бекилип калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруу иштерине №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары саат 17:24да жетишкен. Көп кабаттуу турак үйгө үч шатынын жардамы менен чыгып, батирдин терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 17:38де эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 2012-жылы жана 2009-жылы туулган бир тууган кыздар болгон. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.

Related posts

78 жаштагы Евгений Петросян үчүнчү жолу ата болду

admin

Бишкекте Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу өтөт

admin

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж Кымбат менен жолугуп, материалдык жардам берди

admin

Комментарий