Көпкө сөз болчудай! Азиядагы эң бай адамдын уулунун үйлөнүү тою өттү (видео)

Индияда Азиядагы эң бай адамдын уулунун үйлөнүү тоюна чейинки кечеси өттү. Ал жерден Марк Цукерберг менен жубайын жана Билл Гейтс, Иванка Трамп, Рианна, Хиллари Клинтонду көрүшкөн.

Үч күнгө созулган кечеде 1000дей адам болгон. Аларга 7 миллион доллар төлөнүп чакырылган Рианна ырдап берген. Кече беш жылдыздуу Oberoi Udaivilas мейманканасында жана 18-кылымдагы шаардык ак сарайда өттү. Бардык чыгымдарды миллиардер Мукеш Амбанинин үй-бүлөсү көтөргөн. Анын ичине атайын учак каттамдары да кирген. Ошондой эле 2 кишиге үчтөн ашык чемодан алууга уруксат берилген. Бардык чакырылгандарга тогуз баракка басылган дресс-код жөнөтүлгөн.

Никени расмий каттоо Мукеш Амбанинин уулу Анант менен фармацевтика магнаты Вирен Мерчанттын кызы Радиканын ортосунда 12-июлда өтөт. Бирок тойду эрте өткөрүүнү чечишкен. Алар майрамды өткөрүүгө 150 миллион доллар сарпташат.

Related posts

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлөгөн жамгыр күтүлүп жатат

admin

Министр: «Токтогул суу сактагычына суу 110 пайызга көбүрөөк келди. Быйыл суу көп болот»

admin

Сузакта Портер манас айтууга чогулган 29 баланы сүзүп кетти

admin

Комментарий