Лавров: Кыргызстандын Россия менен кызматташуусу бардык тармактарда чыңдалууда

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташуу бардык тармактарда чыңдалууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши менен болгон жолугушууда билдирди.

Лавров эки мамлекетти жалпы саясий, экономикалык жана гуманитардык кызыкчылыктар гана эмес, маданий, тарыхый жана социалдык багыттар да байланыштырып турганын белгиледи.

«Өткөн жылы бир катар ТИМ аралык консультациялар өттү. Биздин министрликтердин ортосундагы 2022-2024-жылдарга карата кызматташуу программасы ишке ашты. Эми бүгүн кийинки үч жылдык мөөнөткө жаңы программага кол коёбуз. Быйыл башка бардык тармактардагы саясий байланыштарыбыз эки тараптуу форматта да, биргелешкен бирикмелердин алкагында да уланарынан күмөнүм жок», — деди Лавров.

Эске салсак, КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россияда расмий иш сапары менен жүрөт. Тышкы иштер органдарынын жетекчилери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Related posts

Коомдун өзөгүн иштермандар кармап турат! Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

admin

Рейд жүрүүдө: Кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурда 10 миң сом айып пул салынат

admin

Улуу Британияда семиз кишилерге айып пул салуу сунушталды

admin

Комментарий