Лавров: Кыргызстандын Россия менен кызматташуусу бардык тармактарда чыңдалууда

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташуу бардык тармактарда чыңдалууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши менен болгон жолугушууда билдирди.

Лавров эки мамлекетти жалпы саясий, экономикалык жана гуманитардык кызыкчылыктар гана эмес, маданий, тарыхый жана социалдык багыттар да байланыштырып турганын белгиледи.

«Өткөн жылы бир катар ТИМ аралык консультациялар өттү. Биздин министрликтердин ортосундагы 2022-2024-жылдарга карата кызматташуу программасы ишке ашты. Эми бүгүн кийинки үч жылдык мөөнөткө жаңы программага кол коёбуз. Быйыл башка бардык тармактардагы саясий байланыштарыбыз эки тараптуу форматта да, биргелешкен бирикмелердин алкагында да уланарынан күмөнүм жок», — деди Лавров.

Эске салсак, КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россияда расмий иш сапары менен жүрөт. Тышкы иштер органдарынын жетекчилери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Related posts

«Чолчоңдобой жүрүңүз!…»: Парламент төрагасы Шакиев Нурдан Орунтаевге

admin

Улуттук госпиталда кош бойлуу медайым сабалды. Милиция эмне дейт?

admin

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

admin

Комментарий