Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйган молдо кармалды

Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагындагы диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталган. Бул факты Лейлек РИИБге катталып, 175-берене (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен катталып, сотко чейин өнүдүрүш иши башталган.

Текшерүү иштеринде Лейлек районунун мечиттеринин биринин имам хатиби 63 жаштагы жаран октябрь айында жашы жете электерге нике кыйгандыгы, район аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

КР УКМК Бишкек шаардык ИИББ МККБ коррупциялык схемасы аныкталып бөгөт коюлду

admin

Бүгүн таң эрте бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылууда

admin

Санитардык талаптарга жооп бербей, мыйзамсыз иштеген стоматологиялык клиникалар жабылды

admin

Комментарий