Лейлекте «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылыш аземи өттү

12-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылыш аземине катышты.

Аталган чек ара заставы 2012-жылы курулуп башталып, бирок бүткөрүлбөй, кайра кароосуз калып калган. Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуш иштери кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлдү. «Кайрагач» чек ара заставасы заман талабына толугу менен жооп берет жана чек арачылардын кызматтык милдеттерин так аткарышы үчүн бардык тийиштүү аскердик каражаттар менен камсыздалган. Мончо, спорт комплекси жана аскер кызматкерлеринин эс алуусу үчүн да тийиштүү шарттар каралган. Камчыбек Ташиев шарттар менен таанышып чыгып, чек арачыларды куттуктады жана кызматтык милдеттерин так аткарууга, мыйзамды кынтыксыз сактоону эскертти.

«Мамлекетибиз тарабынан, урматтуу президентибиз тарабынан сиздер үчүн ушунчалык көңүл бурулуп, чек арабыздын бекем болушу үчүн болгон мүмкунчулүктөр колдонулуп жаткандан кийин, сиздер дагы өз милдеттериңди так, берилгендик менен жана мыйзамды кынтыксыз сактоо менен аткарышыңар керек. Араңарда анча-мынча мыйзамсыздыктарга жол берип жаткандар бар экенин билем. Эгер тез арада ал кемчиликтерди жойбосоңор, мен тараптан катуу чаралар көрүлөт! Мекенибиздин чек арасын, тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо эч кандай маселе болбошу керек», — деди Камчыбек Ташиев.

Related posts

Санкт-Петербургда БРИКС-2025 эл аралык муниципалдык форуму өтөт

admin

Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

admin

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

admin

Комментарий