Лейлекте сатып алган унаанын акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын тургуну унаасын сатып алган жаран 2023-жылдын 18-мартынан бери акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыз Лейлек РИИБге катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жарандын алдамчылык фактысы менен дагы бир арыз катталгандыгы белгилүү болгон. Шектүү катары 28 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.