Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоо боюнча шайлоо бюллетендери даярдалды

2023-жылдын 22-майында үстүбүздөгү жылдын 28-майына белгиленген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүлүп берилди. Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Ленин райондук шайлоо комиссиясына тапшырды.

«Учкун» ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. «Учкун» ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда №26  Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты.

Белгилей кетсек, шайлоо бюллетендери жогорку деңгээлде корголгон. Алардын сырты автоматтык эсептөөчү урналар окуй алгыдай боёктор боелгон. 

2023-жылдын 8-майына карата алынган алдын ала маалыматтарга ылайык,  Ленин району боюнча 124 миң 711 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Ошондой эле, «Тизме» мамлекеттик порталында да шайлоочулар тууралуу тийиштүү маалыматтар жайгаштырылган. Ал аркылуу бардык каалочулар шайлоочулардын тизмелери жөнүндө керектүү маалыматты эркин жана тоскоолдуксуз ала алат.

Related posts

Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

admin

Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү

admin

Комментарий