Ленин округунан депутатты шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт 

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинде өткөн онлайн кеңешмеде белгиленди.

Маалыматка ылайык, Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участогунда милиция кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.

“Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын, эксперттердин катышуусунда өткөн президенттин жыйынында күч түзүмдөрүнө катуу тапшырмалар коюлду. Анын ичинде добуш сатып алууга жол бербөө, эгерде добуш сатып алуу фактылары каттала турган болсо, анда катуу чараларды көрүү, шайлоо ишмердигине аралашпоо, ар бир орган өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде иш алып баруу жана башка бир катар багыттар белгиленди. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнн саясатка аралашуусуна тыюу салынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-майда өтөт. Шайлоодо 30 талапкер ат салышат.

Related posts

Атышуу болуп жаткан Дмитриевка айылында куралдуу террорист жок кылынды 

admin

Бүгүн Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 56 жашка толуп жатат

admin

Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий