Ленин району боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушту

10-сентябрда Бишкектеги Ленин району боюнча кайра шайлоо болуп өттү. Автоматтык эсептөөчү 51 урнанын 51инен алынган жыйынтык боюнча 26,14 пайыз менен Кубанычбек Самаков алдыга чыккан. 

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым талапкерлер кайрылуу жасашты. Алардын арасында Аскар Алмаз уулу бар. «Бул шайлоо таза өткөн жок. Добуш сатып алуу болду. Аны укук коргоо органдары билет. Шайлоону ушул абалга жеткиргендер жоопко тартылат деп ойлойм. Биз бул шайлоонун жыйынтыгын четке кагабыз», — деди ал.

Ошондой эле Руслан Тагаев да нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, таза шайлоо үчүн күрөшүп келген жана күрөшө берет. «Эгер ошол адамдар таза утуп чыктык дей турган болсо, тийиштүү органдар иликтеп чыгып, өз баасын берет», — деди ал.

Депутаттыкка талапкер Ыргал Кадыралиева да президентке кайрылып, шайлоодо көп кемчиликтер болгонун айтты. «Мен да мыйзам бузуу боюнча кайрылууларды бердим. Садыр Нуркожоевич, сиздин таза шайлоо боюнча талаптарыңыз аткарылган жок. Мен бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм», — деди ал.

Related posts

Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстанда 2,5 баллга чейин сезилди

admin

Казакстандагы шахтадагы жарылуу: Каза болгондордун саны 42ге жетти

admin

Бишкекте кыз уурдоого аракет кылган делген жигит кармалды 

admin

Комментарий