Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленди 

Президент Садыр Жапаров «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтиныйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына, жекшембиге дайындалсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

2) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана анын маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Бишкек шаарынын мэри шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү аткаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Related posts

ГКНБ собрал состав Патрульной милиции и озвучил имена инспекторов, злоупотребляющих должностным положением

admin

Государству добровольно вернули земельный участок автостоянки по направлению «Раззаков-Бишкек-Раззаков» на сумму более 22 млн. 500 тыс. сомов

admin

Мирзиеев сократил количество сенаторов Узбекистана со 100 до 65 человек

admin

Комментарий