Маевка айылында өспүрүм балдар зордуктоого шектелүүдө

Бул тууралуу “Кадам-медиа.кж” сайтына жабырлануучунун агасы Абдухалил Алиев билдирди. Кылмышка 5, 8 жана 9-класстын окуучулары шектелүүдө.

Алиевдин айтымында, эки күн мурун ага жээни зордукталганы тартылган видео түшүп, ал Маевка айылындагы мектептин окуучуларына тараган.

«Ушул балдардын бири видеого тартып, башка мектеп окуучуларына таратып, анан анонимдүү түрдө мага жөнөтүштү. Биз дароо 3- балдар ооруканасына бардык, ал жактан баары жакшы экенин айтышты. Андан кийин соттук-медициналык экспертиза дагы баары таза экенин айтышты. Бирок менин колумда зордук-зомбулук болгонун көрсөткөн видеотасма бар. Баланын өзү да тамагы, ичи ооруп жатканын айтып даттанууда. Кайра алар бул расмий эмес тыянак экенин, кийинчерээк болоорун айта башташты», — деди ал.

Алиев кошумчалагандай, бардыгы 17-майда башталганын жабырлануучу өзү билдирген. Ата-энеси жумушка кеткенде бала жалгыз калган. Ошондо баланын үйүнө 9-класстын окуучусу кирип, зордуктаган. Андан кийин андай аракеттер дагы төрт жолу жасалган.

«Ушунча убакыт бою алар аны ата-энеси менен кошо өлтүрөбүз деп коркутуп, колу-бутун байлап, көзүн таңып коюшкан. Биринчи окуядан кийин ал 10 күн мектепке барбай, апасына эч нерсе дебей, бирок окууга баруудан кескин баш тарткан. Акыркы жолу, жээнинин айтымында, бул окуя 26-майда болгон», — деди Абдухалил Алиев.

Учурда милиция жабыркаган тараптын арызын кабыл алып, баланын жакындары керектүү көрсөтмөлөрдү беришкен. Аларга бир күн мурун иш козголуп, үч шектүү өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланган.

Окуя тууралуу  Биринчи Май РИИБи кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Related posts

Государству возращен бывший Нарынский завод железобетонных изделий, а также песчаный карьер, расположенный вдоль реки Нарын общей площадью 6.6 га. стоимостью 1 млрд. 79 млн сомов

admin

Покушение на экс-пресс-секретаря президента Узбекистана. В Южной Корее задержан еще один подозреваемый 

admin

Теперь от миллиардов мы переходим к триллионам, — первый зампред Касымалиев о ВВП

admin

Комментарий