“Мага жин кирип кеткен”. Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескиледи деген шектүү күнөөнү мойнуна алган жок

“Мага жин кирип кеткен”. Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескиледи делген Азамат Эстебесов сотто күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул туурасында келиндин адвокаты Индира Саутова билдиргенин «Спутник» жазды.

“Ар шылтоону айтып, мага жин кирип кеткен сүйлөй албайм деп жатты. Кулагыма башка кишилер угулуп жатат, башым ооруду, ооруканага алып баргыла деди. Күбөлөр жооп берип атса, жинденип, агрессиясын көрсөтүп, сүйлөнүп жатты, судьядан эскертүү алды”, — деди жактоочу.

Ал айыпкер ушундай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат деп эсептейт, анткени төрт экспертизанын корутундусунда оорусу чыккан эмес. Сот жабык эшик артында өттү.

Related posts

Кочкор-Ата шаарынын дарыгери УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды

admin

Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

admin

Комментарий