Майлуу-Суу шаарында милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Майлуу-Суу шаарында жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөттөрүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган.

Атап айтканда, кылмыш ишинин алкагында ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, тагыраагы милициянын запастагы полковниги П.Т.А.нын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анда курал-жарактар жана ок-дарылар табылып алынган: СКС Карабин 7,62 мм калибрдеги 1 бирдик, ТОЗ-8 калибрдеги 5,6 мм 1 бирдик;  12 мм, 16 мм жана 20 мм калибрдеги 3 бирдик өлчөмүндөгү жылмакай курал; 5,45 мм калибрдеги октор 413 даана, 7,62 мм калибрдеги октор 301 даана, 5,6 мм калибрдеги ок 49 даана, 9 мм калибрдеги ок 258 даана, 12 мм калибрдеги ок 6 даана, 20 мм 5 даана.

Жалпысынан беш ок атуучу курал (мыйзамдуу түрдө алынган СКС карабининен тышкары) жана 1032 даана ок-дарылар табылып, алынган. Алынган маалыматка караганда, курал-жарак жана ок-дарылар ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан учурда алынган.

Учурда П.T.A. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды. Кылмышка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле аларды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Сумбула (мурда — Андарак) айылындагы баасы 3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

31-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди (сүрөт)

admin

Комментарий