Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. “Манас” аэропортунан жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген. Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Related posts

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Эртең тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

admin

Камчыбек Ташиев Тажикстандын кол салуусунан каза болгон жоокерлерди эскерди

admin

Комментарий