Мамкурулуштун жетекчиси жумушчу топ түздү. Ал Бишкекте жана ага жакын аймактагы көп кабаттуу үйлөрдү кыдырат

«Бүгүн жер титирөөдөн кийин менин буйругума кол коюлуп, комиссиянын жумушчу тобу түзүлдү. Ал учурда Бишкек шаарында жана Бишкек шаарына жакын аймактарда жайгашкан бардык көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып жатат», — деди журналисттерге берген маегинде Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев.

Анын айтымында, учурда айрым үйлөр текшерилип, визуалдык кароодон өткөрүлдү. «Эч кандай жаракалар аныкталган жок. Ал эми бул иш бир нече күн уланат, кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

Дагы бир топ Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Ал ошондой эле кечээки жер титирөөдө унаа менен шаарды аралап чыкканын айтты. «Бүгүнкү күндө биздин жарандардын дүрбөлөңгө түшүүгө жана тынчсызданууга эч кандай негизи жок деп айта алабыз»,- деди ал. 

Related posts

 Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

admin

Тууну өзгөртүү боюнча кайсы депутат кандай добуш берди?

admin

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт — 6-майга карата аба ырайы

admin

Комментарий