Мамлекет жакыр миң үй-бүлөгө бала бакча үчүн ваучердик система менен акча бөлөт

 Мамлекет жакыр үй-бүлөлөрдүн 1-6 жаштагы балдары үчүн пилоттук долбоор менен ваучердик каржылоону баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи этапта 37 районго 1000 ваучер бөлүнөт.

«Ваучердин базалык суммасы – 2000 сом, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 3100 сом, майып балдарга 4560 сом, ал эми Баткендин алыскы аймактарына кошумча коэффициент каралган. Ваучерди көп балалуулар, майыптыгы бар балдар же аз камсыз (кирешеси 1000 сомдон аз) үй-бүлөлөр, Баткендин чек ара аймактарындагылар ала алат», — деп айтылат маалыматта.

Ваучер жергиликтүү бийликтеги комиссиясынын чечими менен «Балалык» системасы аркылуу берилет.

Ваучердик система — «окуучунун артынан акча ээрчиген» каржылоо принциби. Башкача айтканда, мамлекет каражатты билим берүү мекемесине эмес, ар бир окуучуга бөлөт. Ата-энелер окуу жайды тандап, Билим берүү министрлигинен атайын эсепке акча (ваучер) алышат. Ошол каражатты окуу жайга которушат. Ата-энелер каражатты накталай чыгарып же башка муктаждыктарга жумшай албайт.

Related posts

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

admin

Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйган молдо кармалды

admin

Бишкекте сегиз жаштагы кызды жүк ташуучу унаа коюп кетип каза тапты

admin

Комментарий