Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйында бир пакет менен 45 маселе боюнча 36 нормативдик документ каралды.

Анда жасалган сунуштар:

кодекстерге жылына бир жолу гана өзгөртүү киргизүү;

юридикалык жактарды жана жеке ишкерликти жоюуну жеңилдетүү;

айрым функцияларды аутсорсингге өткөрүү. Мисалы, онкологиялык ооруларды дарылоо, эмдөө жана сот аткаруучулардын ишин жеке колдорго дагы берүү;

«Түндүк» системасы аркылуу маалым кат алуу. 50 жашка чейинкилерге кагаз маалым каттарды берүүнү жана маморгандардагы документтерди талап кылууну акырындап токтотуу;

жарандык жана административдик сот процесстерин санариптештирүү.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев лицензияларды жана уруксат документтерин берүүнү жеңилдетүү маселесин кароону тапшырды. Натыйжада бардык сунуштар толук кабыл алынды.

Related posts

Сузакта ата менен бала иске ууланып, атасы көз жумду

admin

Телефонду шымына катып. Бишкекте чөнтөк ууру кармалды (видео)

admin

Түркияда теракт уюштурууга даярданып жаткан 2 шектүүнүн кармалышы. ТИМ маалымат берди

admin

Комментарий