Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” ККР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Related posts

Садыр Жапаров эмнеге маалымат жыйын өткөрбөйт? Өзү жооп берди

admin

Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

admin

Президенттин иш башкаруучусу Баткендеги курулуш боюнча иликтөөгө комментарий берди

admin

Комментарий