Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо


 Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдордо окутуу көбүнчө орус тилинде болуп, бирок документ кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүктөн ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлер кыйналып калууда.

«Былтыр министрдин (билим берүү) катышуусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ЖОЖдордун форумун өткөрдүк. Жогорку окуу жайларда студенттер билимди орус тилинде алышат. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношкондон кийин кыргыз тилин өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда. Мектептерде балдарды бир нече тилде окутуу программасы бар. Ошону эле ЖОЖдорго да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул маселеге көңүл бурулбаса мамлекеттик кызматта кыргыз тилин билүү талабы ошол боюнча кала берет», — деди Мураталиев.

Related posts

Чүйдө 40 миң доллар талап кылууга шектелген блогер психиатриялык ооруканага жаткырылат

admin

КР УКМК: Мурдагы тергөөчү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

admin

Маркумду узатуу тууралуу мыйзамга кол коюлду

admin

Комментарий