Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотов каза болду. Некролог

2024-жылы 7-январь күнү көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов өмүрүнүн 79-жылында узакка созулган оорудан улам каза болду.

Жеңишбек Бекболотов 15-май 1945-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Кербен айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун “Инженер-куруучу-технолог” адистиги боюнча аяктаган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта заводдун катардагы мастеринен Өкмөт мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки узак эмгек жолун басып өттү.

1986-1990-жылдары Кыргыз ССРинин Эл депутаттар Кеңешинин Ош аткаруу комитетинин төрагасы болгон.1990-1994-жылдары “Легендарлуу парламент” деп аталган 12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

1996-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Суу чарба министри кызматын ээлеген. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрация башчысы-акими болуп иштеген. Курулуш, ирригация жана суу пайдалануу чөйрөсүндө техника илимдеринин кандидаты, бир катар ойлоп табуулардын жана илимий эмгектердин автору болгон.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, курулуш, айыл жана суу чарба тармактарындагы олуттуу жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде “СССР элдеринин достугу” ордени, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу”ардак наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жеңишбек Бекболотов Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн курулуш, айыл жана суу чарба тармактарын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары эсибизде сакталат.

Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, алар менен орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жеңишбек Бекболотовдун жаркын элеси жана сиңирген эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.

Ж. Бекболотов менен коштошуу зыйнаты 2024-жылдын 8-январында саат 11:00дө А. Малдыбаева атындагы опера жана балет театрында өтөт.

Related posts

Алагозов: «Дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун «дааватка каршы» деп атоо туура эмес»

admin

Дубайды суу каптады: аба каттамдары токтотулуп, тургундардан үйдөн чыкпоону суранышты

admin

Стамбулдагы жардырууну жасоого шектелген жаран кармалды 

admin

Комментарий