Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Айбек Мамыралиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келаткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбай Тайлаков быйыл август айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

Related posts

10 миллион сомго чейин жеткен… Ош мэринин мурдагы жардамчысы акча талап кылууга шектелүүдө

admin

18-20-февраль күндөрү кар көчкү жүрүшү мүмкүн

admin

Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

admin

Комментарий