«Манас» аэропортунун жолунда болгон ызы-чуу. Милиция айдоочуларды кармоо жүрүп жатканын билдирди

«Манас» аэропортунун жолун жеңил унаа менен жарышкандар жаап алып, ары-бери каттоого тоскоолдук кылышкан.  Окуя болгон жерге жол милициясынын экипаждары келгенде да ээнбаштар баш бербей, каршылык көрсөтүшкөн.

Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырдаал жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин билдиришкен. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан унаа ээнбаштык жасаган айдоочулар кармалып жатканын билдиришти.

«5-ноябрга караган түнү Бишкек-Манас унаа жолун жаап, унаа жарыш кылабыз дешкен. Жол тескөөчүлөр барган учурда, БМВ үлгүсүндөгү унаа жарышка түшүп жаткан жеринен кармалып, айдоочусуна карата укук бузуу кодексинин 189-беренесине ылайык протоколу түзүлүп, Сокулук аймагынын айып короо жайына киргизилген. Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделүүдө», — дешти.

Related posts

Кытайдагы заводдон чыккан өрт 36 адамдын өмүрүн алды 

admin

Бишкекте саясатчылардын катышуусунда иш-чара өткөнү айтылды

admin

Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты

admin

Комментарий