Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып, Камчыбек Ташиевге жолукканын билдирди

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвадан келип, Камчыбек Ташиев менен жолукту. Бул тууралуу манасчы өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

Арыбаңыздар, ардактуу элим! Кыргызстанга келип, силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай, Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана “Манас” дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем.

Мен манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда “Манас” улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 облуска (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталарын билдирди.

Дүйнөлүк ааламдашуу доорунда биз улуттун жүзү болгон тарыхыбызды, маданиятыбызды татыктуу даңазалоого милдеттүүбүз! Ал эми элге кызмат кылам деген эл уулдары урпактардын келечеги үчүн өзөгүбүз болгон Манас бабабызга кызмат кыла беришсин. Улутум кыргыз, урааным Манас!” — деп жазды ал.

Манасчы 2022-жылы үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине опузалар башталганда, айла жок өлкөдөн чыгып кетүүгө туура келгенин айткан. 

Related posts

Коляскадагы аялга орой мамиле кылган троллейбус айдоочусуна кандай жаза берилди? Мэриянын жообу

admin

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды

admin

Москва жана Москва облусунун аймагына контртеррордук операция режими кирди 

admin

Комментарий