Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилери маалымдалды

Марат Жуманалиевге жаназа бүгүн, 15-мартта жума намазынан кийин окула турганын маркумдун жакындары билдиришти.

Жаназа Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги мечитте өтөт. 

Ал арада Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун 15-март күнү саат 10:00-13:30 чейин жол тескөөчүлөр жана Муфтият өкүлдөрү менен борбордук мечитте иш алып барарын билдирди.

«Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев кечээ көз жумду. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кулап кетип, башы менен катуу тийген.

Related posts

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

admin

КР УКМК: Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Комментарий