Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилери маалымдалды

Марат Жуманалиевге жаназа бүгүн, 15-мартта жума намазынан кийин окула турганын маркумдун жакындары билдиришти.

Жаназа Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги мечитте өтөт. 

Ал арада Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун 15-март күнү саат 10:00-13:30 чейин жол тескөөчүлөр жана Муфтият өкүлдөрү менен борбордук мечитте иш алып барарын билдирди.

«Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев кечээ көз жумду. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кулап кетип, башы менен катуу тийген.

Related posts

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда балдар бакчасы ачылды

admin

ЕЭК чечимин аткарбаган мамлекеттик органдар кандай жазаланары айтылды

admin

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын да сөөгү табылды

admin

Комментарий