Массалык баш аламандыкка чакырган деген шек менен Темирлан Султанбеков ИИМге жеткирилди

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине  1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

 Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран  С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.

Related posts

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

28-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Сейсмология институтунун директору: «Диванда жаткан эксперттерди эмес, адистерди угуш керек»

admin

Комментарий