Медер Машиев жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Машиев Медер Асанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Related posts

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Министрлик: «Бишкекте ысык суу берүүдө чектөө киргизилди»

admin

Ушул айда кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат?

admin

Комментарий