Мэр “Дордой-моторс” базарында митингчилер менен жолукту

Базардын соодагерлери менен шаар мэри Айбек Джунушалиев жана базардын ээси Аскар Салымбеков жолугушту. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну Ленин администрациясына чакырды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Джунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү үстөлүндө талкуулоо тууралуу пикирине 100 пайыз макул болду. Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Бүгүн, 4-декабрда аталган базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.

Related posts

Ташиев: Коррупционерлерди түрмөгө тыгып, бандиттердин жанын сууруп алабыз» 

admin

Биринчи Элдик курултай 5-ноябрда өтөт

admin

УКМК: 24.kg редакциясына карата «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголду

admin

Комментарий