Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» алды. Роналду биринчи жолу аутта калды

«Интер Майами» клубунун чабуулчусу Лионель Месси France Football журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилген «Алтын топ» сыйлыгын сегизинчи жолу жеңип алды. Аталган сыйлык Мессиден кийин эле эң көп, тагыраагы беш жолу Криштиану Роналдуга ыйгарылган. Португалиялык футболчу быйыл 19 жылдан бери биринчи жолу сыйлыкка талапкерлердин катарына кирбей калды. Калган футболчулар «Алтын топ» ашып барса, үч жолудан алышкан. 

Салтанат Париждеги Шатле театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе («Пари Сен-Жермен») жана Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») кирди.

2023-жылдын августунан бери аргентиналык футболчу америкалык «Интер Майами» клубунда ойноп, өткөн сезондо «Пари Сен-Жермен» менен Франция чемпиону болгон. Аргентина курама командасынын курамында Месси Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, турнирдин баалуу оюнчусу катары таанылган.

«Алтын топ» 1956-жылдан бери (2020-жылдагы пандемияны эсепке албаганда) жыл сайын ыйгарылып келет.

Related posts

Президент кыргызстандыктарды  Жеңиш күнү менен куттуктады

admin

Талас аэропортуна Орусиядан учак келип конду (видео)

admin

Телефонду шымына катып. Бишкекте чөнтөк ууру кармалды (видео)

admin

Комментарий