Милиция: «Бишкекте сойкулук менен алектенген 1,5 миңден ашуун кыз аныкталган»

Бишкектин аймагында 2023-жылдын 30-ноябрынан баштап “Притон-Бабочка” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Милиция кызматкерлери социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар интимдик кызмат көрсөтө алат делген жерлерди текшерүүдө. Бул сауналар, мейманканалар жана ижарага берилген батирлер. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

«Профилактикалык иш-чаралар башталгандан бери милиция кызматкерлери тарабынан 1 миң 500дөн ашык кыз аныкталып, райондук бөлүмдөргө жеткирилип, алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 97 кыз кайрадан милиция бөлүмүнө чакырылган. Ошондой эле, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159 (Сойкулукка тартуу) жана 160 (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 14 шектүүгө жогорудагы беренелер боюнча айып тагылып, аларга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алынган»,-  деп айтылат маалыматта. 

Related posts

Алтынбек Эргешов: “Жетим-Тоо» — бул элдин байлыгы. Аны иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”

admin

КР УКМК: Массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган жаран кармалды

admin

15-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы: Суук түн, жылуу күн

admin

Комментарий