Министрлер кабинети жыйында 6 маселени карады

Министрлер кабинети 29-сентябрда өткөргөн кезектеги жыйындын күн тартибинде алты маселе каралды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылды.

Алгач «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Бул багытта Финансы министрлигинин маалыматы угулуп, өлкөнүн 2024-2026-жылдарга мамлекеттик башкаруу секторунун (консолидацияланган бюджети) бюджетинин параметрлери жана тиешелүү мыйзам долбоорун макулдашуудан өткөрүү бекитилди.

А.Жапаров план боюнча 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 млрд сомду түзөөрүн билдирди.

«Урматтуу кесиптештер, быйыл айына 45 млрд сомдон таап жатсак, 2024-жылы тапканыбыз айына 50 млрд сомдон аз болбошу керек. Демек, иштер мындан дагы катуу жүрөт. Ал эми ал каражаттарды өздөштүрүү андан дагы ылдам жүрүшү керек. Ишти ар кимге түртө салбай, ыкчам чечип, кескин чечимдерди кабыл ала билүү жоопкерчилиги министрлерде эки эсеге жогорулайт», – деди Акылбек Жапаров.

Ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясы 2024-жылы 1 трлн 464 млрд сомду түзөт деп болжолдоп жатканын айтты.

Отурумдун күн тартибиндеги экинчи маселеси Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, зарыл болгон иш шарттарын камсыз кылуу жана кызматкерлерин социалдык коргоо максатында жаңы чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары «Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, кылмыш иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине конфискацияланган мүлктү, ошондой эле ээси жок, кароосуз мүлктү эсепке алуу, баалоо, сатуу жана жок кылуу механизми бекитилди.

Айыл чарба тармагында болсо эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары курулуш жаатында ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жактырылды.

А.Жапаров отурумдун соңунда Министрлер кабинетинин алдында пенсиялык реформаны жүргүзүү милдети турганын, билим берүү, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгуу, бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын орноштуруу маселелери турганын кошумчалады.

Related posts

Парламент в трех чтениях одобрил законопроект об отдельных участках кыргызско-узбекской границы

admin

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы көз жумду

admin

Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

admin

Комментарий